Түрк ишкерлери Нигерияга жардам берди

Нигериянын борбор шаары Абуджада курулган суу кудуктары дуалар менен ачылды.

956090
Түрк ишкерлери Нигерияга жардам берди

Түрк ишкерлеринин жардамы менен Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигериянын борбор шаары Абуджада курулган суу кудуктары дуалар менен ачылды.

Абуджага караштуу Зуба, Квали жана Гвагвалада аймактарында Дарул Екрам фонду жана Абуджа  - Стамбул достук коомунун арачылыгы менен ачылган кудуктар менен көп сандаган нигериялыктын суу муктаждыгын камсыздаган болду.

Абуджа  - Стамбул достук коомунун өкүлү Фатих Эмин Данышан берген маалыматында аймактардын калкы көп болгон маалаларында ачылган суу кудуктарынын Германиядагы ишкерлердин жиберген жардамдары менен ишке киргендигин белгиледи. Данышан Германиядагы түрк ишкерлерине жардамдарынан улам рахмат айтып, суу кудуктарынын чоң мечиттердин жанында ачылгандыгын жана аймак калкы менен мечит жамаатынын бул суудан пайдалана аларын белгиледи.

Жалпы Нигерияда алып барган иштери менен акыркы бир айда 17 суу кудугун ачкандарын билдирген Даныш аймактагы кишилердин суусуздук маселеси менен бетме  - бет экендигине көңүлдөрдү бурду.

Дарул Экрам фондунун төрагасы Юнус Эмре Акйол да : «Суу кудугун ачуу үчүн тандаган жерлер өзгөчө көп кыйынчылык тарткан  жана сууга жете албаган аймактар. Суу кудугун ачууда эл көп колдонгон жерлер : мектеп, мечит сыяктуу жерлерди тандап жатабыз»,- деди.

Суу кудугунун ачылышынан кийин Абуджа  - Стамбул достук коому тарабынан аймактагы калкка тамак  - аш жардамын берип, Дарул Экрам фонду тарабынан Куран Керим жана жайнамаз таркатылды.



Тектеш кабарлар