Премьер-министр Йылдырым АКШ менен Орусияга чакырык салды
Йылдырым журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Премьер-министр Бинали Йылдырым, АКШ менен Орусиянын Сирияда иш-аракеттерди дагы да баш аламан абалга айландырбашы керектигин айтты.
Борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берген Йылдырым: «АКШ менен Орусиянын ортосунда социалдык медиа аркылуу кайым айтышуулар болуп жатат. Аймак узак мөөнөттөн бери чоң бедел төлөөдө. Досторубузга иш-аракеттерди дагы да баш аламан абалга айландыра турчу кадамдардан алыс турушун сунуштайбыз»,-деп айтты.
Сирияда 7-апрелде химиялык курал колдонулгандыгы жөнүндөгү айтымдарга да токтолгон Йылдырым: «Химиялык курал колдонуп, күнөөсүз адамдардын, балдардын өмүрүн алуулары эч качан кечирилбейт. Бул мыкаачылык болуп саналат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.