Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө жана Диярбакырга операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) жазуу түрүндөгү жарыясы.

946737
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө жана Диярбакырга операция жүргүздү

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк, Синатх-Хафтанин, Зап жана Метина аймагына карай абадан жүргүзүлгөн операцияда 12 бута атылып, таш талканы чыгарылды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ирактын түндүгүндөгү Хакурк, Синатх-Хафтанин, Зап жана Метина аймактарында Түрк аскердик бөлүктөрүнө кол салууга даярдык кылгандары белгиленген жикчил террор уюму ПККнын мүчөлөрүнө карай абадан операция жүргүзүлдү.

Абадан жүргүзүлгөн операцияда баш калкалоочу жай, үй жай жана курал сактоочу кампаларынан турган 12 бута атылды.

Бир тараптан Диярбакырда террор уюму ПККга карай 4-апрелде башталган жана кечээ аяктаган операцияда террор боюнча изделгендер тизмесинде «жашыл» категориядагы террористтер да арасында орун алган 2 уюмдун мүчөсү жок кылынды.

Операцияда террористтер тарабынан колдонулган 7 үңкүр жана 8 баш калкалоочу жай менен 3 алыстан башкарылуучу колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды.

Баш калкалоочу жай жана талааларда көмүлгөн желим челектерде М-16 жөө аскер мылтыгы, 3 Калашьников, 356 салют, тапанча, 2 граната менен көп сандаган уюмдук документ колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар