Бекир Боздаг террор менен күрөшкө басым жасады

Вице  - премьер  Бекир Боздаг террор менен күрөшүүнн чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.

945041
Бекир Боздаг террор менен күрөшкө басым жасады

Вице  - премьер  Бекир Боздаг террор менен күрөшүүнн чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты. Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Боздаг менчик бир телекөрсөтүү каналында маалымат берди. Бекир Боздаг : «Түркия катары Сириянын жерлерин, биримдигин бөлдүрбөйбүз. Сирияда сектанттык негиз болгон өзгөрүүгө барышына биз уруксат бербейбиз»,- деди. Боздаг Түркиянын ушул күнгө чейин жактап келген Сириянын жеринин бүтүндүгү диссертациясынын Орусия жана Иран тарабынан да кабыл алынгандыгын айтты.

Сирияда террордун пайда болушуна уруксат беришпей тургандарын белгилеген Боздаг : «ПКК/ПЙД – ЙПГ террордук уюму Афринде кандай жок кылынган болсо эми Тел Рыфаттан да тазаланат. Ал жерде да акырына карай жакындап бара жатат»,- деди.

Ирактын Синжар аймагы менен башка жерлердин да террористтерден тазаланышын каалашкандарын айткан Боздаг : «Булар аткарылганда биз үчүн эч бир маселе жок. Аткарылбаса Түркия буларды тазалоо күчүнө жана кудутерке ээ»,- деди.

Акыркы учурларда Улуттук чалгындоо уюмунун өлкө тышында террор менен күрөштө ийгиликтүү иштерди аткаргандыгын баса белгилеген Боздаг : «Улуттук чалгындоо уюму ушул күнгө чейин  18 өлкөдөн Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ мүчөсү 80 кишини Түркияга алып келди»,- деди.

ФЕТӨ менен күрөшүүнүн улантылып жаткандыгын белгилеген Боздаг : «ФЕТӨ түзүмү иш алып баруу методдорунан улам аныкталышы абдан кыйын террордук уюм. Мүчөлөрүнүн аныкталышы абдан кыйын. Өзүн ар кандай формага сала алат. Ошондуктан булардын крипто түзүмүн чечмелөө оңой эмес»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар