Түркия - Орусия - Иран үчтүк саммити

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен уюштурулган саммит президенттик комплексте өткөрүлүүдө.

944133
Түркия  - Орусия  - Иран үчтүк саммити

Сирия тууралуу Түркия  - Орусия  - Иран үчтүк саммити бүгүн борбор шаар Анкарада башталды.  Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен уюштурулган  саммит президенттик комплексте өткөрүлүүдө.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда кечээ жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер жолугушуп саммиттин акырында жарыяланышы пландалган орток декларация тууралуу иштешти. Декларацияда Сириядагы ок атышпоолорду улантуу, Сириянын жеринин бүтүндүгү жана Сирия ичиндеги ок атышпоо эрежелерин бузууну токтотуу сыяктуу андан мурунку декларацияда да бирдей пикирге келинген темалардын баса белгилениши күтүлүүдө. Кандай жаңы кадамдардын ташталары тууралуу жогорку деңгээлдеги кызматкерлер жыйынында катышуучу өлкөлөрдөн келе турган сунуштар бүгүн Түркия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери өткөргөн жыйында сунушталды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров жана ирандык кесиптеши Жевад Зариф эрте мененки тамакта бул сунуштарды карап чыгышты.

Тышкы иштер министрлеринин жыйынынан чыккан долбоор декларациянын лидерлер тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Саммиттиги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык темалар тууралуу пикир алышууларда болушат.



Тектеш кабарлар