Сирия тууралуу Түркия  - Орусия  -  Иран саммити Анкарада болуп өттү

Эрдоган, Путин жана Рухани пресс жыйын өткөрдү.

944507
Сирия тууралуу  Түркия  - Орусия  -  Иран саммити Анкарада болуп өттү

Сирия тема болгон Түркия  - Орусия  -  Иран саммитинин экинчиси борбор шаар Анкарада болуп өттү. Саммит президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Орусия федерациясынын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен басма сөзгө жабык түрдө өткөрүлдү.  

Эрдоган, Путин жана Рухани пресс жыйын өткөрдү.

Пресс  - жыйында Р. Т. Эрдоган : «Бүгүн алдыбыздагы мезгилге жол көрсөтүүчү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк жана таштала турган кадамдарды белгиледик»,- деди.

Сирияда келишпестикетрди азайтуу тууралуу Түркия катары жоопкерчиликтерди орундатышкандарын белгилеген Эрдоган Идлибдеги 8 -  байкоо жери менен бул тууралуу чечкиндүүлүктүн көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Эрдоган Сириянын жеринин бүтүндүгү бардык террордук уюмдарга бирдей мамиле кылууга байланыштуу экендигин, бүткүл дүйнө тарабынан көңүл бурулушу керектигине көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган ДЕАШка каршы күрөшүп жаткан Түркиянын «Зайтун бутагы» операциясы менен башка бир террордук уюм ЙПГ/ПЙДге каршы күрөшкөндүгүн айтты. Президент Эрдоган : «Биз бир гана коопсуздукту түзүү менен калбайбыз, текшерүү астына алган жерлерди аймактын ээлери болгон сириялык бир туугандарыбыз үчүн жашай турган абалга алып келүүдөбүз»,- деди.

Манбиж башта болуу менен ПЙД/ЙПГнин колундагы жерлерди коопсуз абалга алып келгенге чейин операциялардын улантыларын айткан Эрдоган : «Тел Рыфат үчүн орус жана ирандык досторубуз менен биргеликте иш алып барууга даярбыз»,- деди.

Эрдоган Сириянын жеринин бүтүндүгүн түзүү, кагылышуулардын алдын тосуу жана кайрадан куруу үчүн бирдей түшүнүк ичинде экендерин белгиледи.

Ирандын президенти Рухани да Сирияда төрт аймакта ок атышпоонун түзүлүшү жана кризистин азайтылышы тууралуу Түркия, Иран жана Орусиянын маанилүү роль ойногондугун белгилеп, бүгүн Сирия калкынын үмүтүнүн кечээкиге караганда дагы көп экендигин,  тынчтыкка карата дагы үмүттү экендигин айтты.

Орусиянын президенти В. Путин да Түркия, Орусия жана Ирандын биргелеше чыгарган чечимдин Сириянын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнүн түзүлүшүн жактагандыгын айтты.

ДЕАШтын Сирияда олуттуу бир жеңилүүгө учурагандыгын белгилеген Путин Сириянын экономикалык базисин күчтөндүрүшкөндөрүн белгиледи жана : «Максатыбыз терроризмди толугу менен жок кылуу»,- деди.

Сирия тууралуу Түркия, Иран жана Орусиянын тышында эч кимдин бир кадам таштабагандыгын билдирген Путин : «БУУму жардам берип жатат бирок бул жетерлик эмес. Сөзсүз баары Сириянын базистеринин курулушуна салым кошушу керек»,- деди.

Эрдогандын Сирияда чукул гуманиатрдык жардам берүү сунушун киргизгендигин айткан Путин абдан туура сунуш болгондугун баса белгиледи. Путин Түркиянын качкындар тууралуу чоң бир жүктү алгандыгын белгилеп, өзгөчө гуманитардык жардам тууралуу иш алып барылышы керектигин айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар