Премьер - министр эртең расмий сапар менен Монголияга барат
Жолугушууларда эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык абалдар каралат.
Премьер - министр Бинали Йылдырым эртең расмий сапар менен Монголияга барат.
Премьер - министрликтин басма сөз кеңешчилигинен берилге мааматта премьер - министр Бинали Йылдырымдын Монголиянын премьер - министри Хорулсух Ухнанын чакыруусу менен ишке ашыра турган сапар 5 – 8 - апрель күндөрү өткөрүлөт.
Сапардын негизинде борбор шаар Улан - Батордо Монголиянын премьер - министри Хорулсух Ухна менен жекеме - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган Йылдырым Монголиянын мамлекет башчысы Халтмаа Баттулга жана Монголиянын парламент спикери Миегомбо Энхболд менен жолугушат.
Жолугушууларда эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык абалдар каралат. Премьер - министр Бинали Йылдырым Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА башкармалыгынын Монголияда бүтүргөн проектилердин ачылышын аткарат.
Түрк жана монгол ишкерлери жана монгол медиасынын алдыңкылары менен жолугуша турган Йылдырым эски түрк жазууларын да иликтейт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.