Орусиянын президенти В. Путин Фенер рум патриархы  Варфоломеос менен телефондо сүйлөштү

Түркия сапары улантылып жаткан Орусиянын президенти В. Путин Фенер рум патриархы  Варфоломеос менен телефон аркылуу сүйлөштү.

944495

Кремлден берилген маалыматка ылайык 2 күндүк сапар үчүн Анкарага келген Путин Патриарх Варфоломеос менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Патриарх Варфоломеос Путинди шайлоодогу ийгилиги жана Паскалия майрамы менен куттуктады. Орус лидер да Патриарх Варфоломеоско православдык орус чиркөөсүнүн патриархы Кириллдин каалоолорун билдирди жана православ дүйнөсүнүн биримдиги үчүн кошкон салымынан улам рахмат айтты. Патриарх  Варфоломеостун активдүү коомдук жана кайрымдуулук  ишмердүүлүгүнө да көңүл бурган Путин Фенер рум патриархынын өзгөчө Түркиядагы орус тилдүү коомдун диний муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн керек болгон шарттарды түзүүгө чоң салым кошкондугун баса белгиледи.

Тектеш кабарлар