Түркия Грецияны айыптады

Анкара, Грециянын Түркияда камакта турган эки аскери тууралуу жарыялоолорун айыптаганын билдирди.

943172
Түркия Грецияны айыптады

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында 1-мартта Эдирнеде аскердик тыюу салынган аймакта кармалгандан кийин камакка алынган эки грек аскери туурасында басма сөздү маалыматтандыруусунда колдонулган билдирүүлөрдүн, грек органдарынын Түркияга карай деңгээли барган сайын төмөндөгөн ыкманы колдоно баштаганын ортого салганына көңүл бурулду.

Анда, «Грециянын ишине жараган убакта укук мамлекети принцибин алдыга чыгарганы, ишине жарабаган убакта болсо принципти оңой эле четке кагып эл аралык соттор тарабынан аларга карай киргизилген санкцияларды ишке ашырбаганы жакынкы тарыхыбыздан белгилүү. Мамлекеттин олтуттулугу менен байланышпаган бул сөздөрү өкүнүчтүү»,делди.

Эдирнеде 1-мартта чек арачы бөлүктөрдүн тобу, күзөт кызматы убагында Пазаркулеге жакын жерде Грециянын армиясына мүчө лейтенант жана кенже лейтенант-сержант даражалары болгон 2 аскерди, аскердик тыюу салынган аймакта кармап алган. Мылтыктары алынган аскерлер Эдирненин Жандармерия командирлигине тапышырылган.

Андан кийин сот органына алып барылган эки аскер, прокуратурадагы түшүндүрмөлөрүнөн кийин «аскердик тыңчылыкка киришүү» жана «аскердик тыюу салынган аймакка кирүү» айыптары менен камакка алынышы талабы менен  Кылмыш-жаза сотуна өткөрүлгөн.

Сот органы 2-мартта лейтенант Агелос Митретодис жана  кенже лейтенант-сержант Димитрос Куклацистин аскердик тыюу салынган аймакка кирүү кылмышы менен камакка алынышына өкүм чыгарган.

Эки аскердин түшүндүрмөлөрүнө караганда карда көрүнгөн аяк издерин ээрчип отуруп түрк тарабына өтүп кеткендерин жана чөнтөк телефондорундагы видео жана сүрөттөрдү өздөрүнөн жогорку даражадагы кызматкерлерге жиберүү максатында тарткандарын айткандары белгиленген.



Тектеш кабарлар