Косовонун премьер-министри сен кимдин буйругу менен ушундай кадам таштадың?

Эрдоган, Косоводо ички иштер министри жана чалгындоо кызматынын шефинин кызматтан алынышына каршылык көрсөттү.

941847
Косовонун премьер-министри сен кимдин буйругу менен ушундай кадам таштадың?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Косоводо ички иштер министри жана чалгындоо кызматынын шефинин кызматтан алынышына каршылык көрсөттү.

Стамбулда сөз сүйлөгөн Эрдоган, Косоводо кызматтан алууларга каршы чыгып: «Улуттук чалгындоо уюмубуз, Косоводогу операция менен Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) Балкан өлкөлөрүндөгү эң жогорку деңгээлдеги башкаруучуларын кармады. Бирок капа болгонум, Косовонун премьер-министри көөшөрүп туруп чалгындоо кызматынын башында турган киши менен ички иштер министрин кызматтан алып таштады.Эми сурап жатам, эй Косовонун премьер-министри кимдин буйругу менен сен ушундай кадам таштадың? Качантан бери Түркия Республикасына төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды коргой баштадың?»-деп айтты.

Эрдоган: «Косовону тууган катары бооруна кыскан Түркияга төңкөрүш аракетин кылган бул кишилерди, сен коюнуңда кантип бага аласың? Бул үчүн сен да жооп бересиң. Менин косоволук туугандарым сен сыяктуу өкмөт башчыга да жол бербейт. Менин косовалык туугандарым, мен таанып билген косовалыктар сенден бул үчүн жооп беришиңди талап кылат. Мен муну да билемин»,-деди.

 



Тектеш кабарлар