Түркия - АКШ биргелешкен механизм жыйыны

Жыйындын негизги күн тартип беренси Сириянын жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД – ЙПГ басып алган Манбиж аймагы болду.

941623
Түркия  - АКШ биргелешкен механизм жыйыны

Түркия менен АКШнын ортосундагы биргелешкен механизм жыйындарынын экинчиси өткөрүлдү.

АКШнын борбор шаары Вашингтондогу жыйында тараптар Сирияда ДЕАШтан куткарылган жерлерде коопсуздук жана туруктуулуктун түзүлүшү үчүн биргеликте аракет кылуунун мааиси баса белгиленди. Жыйын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Үмит Ялчын менен АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Жон Салливандын ортосунда өттү.

Жыйындын негизги күн тартип беренси Сириянын жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД – ЙПГ басып алган Манбиж аймагы болду. Ошондой эле жыйында ДЕАШтын туруктуу түрдө жеңилүүгө учуратылышын каалаган АКШ менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун жолдору каралгандыгы да белгиленди.

Жыйында өзгөчө Сирияда ДЕАШтан куткарылган жерлерде коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн бирдикте аракет кылуунун мааниси баса белгиленди.

Африндеги абалдар да каралган жыйында түрк тарабы америкалыктарга аймактагы гуманитардык жардам жана ырааттуулукту түзүүгө карата кадамдар тууралуу маалымат берди. Жыйында айрыкча консулдук жана адилеттик темалар да сүйлөшүлдү.



Тектеш кабарлар