Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцилар

Түрк аскерлери Ирактын түндүгүндөгү террористтерди турган жеринде жок кылууда.

941749
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцилар

 

Башкы штабдын төрагалыгы тарабынан бөлүшүлгөн видеодо Ирактын түндүгүндөгү Хакрукта баш калкалоочу жерлер болгон аймакта ПКК жикчил террордук уюмдун террористтерин тамак даярдыктарын таштап качып жатышкандары көрүнүүдө.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда десанттар Хакрук аймагында террор уяларын тазалоону улантышууда.

10 -  марттан ушул күнгө чейин 68 террорист жок кылынган операцияларда 8 баш калкалоочу жер жардырылды. Аймакта жардырылган баш калкалоочу жерлердин саны 67ге жетти.

Баш калкалоочу жерлерде оор жана жеңил куралдар менен буларга таандык ок  - дары, граната жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар