Эрдоган Трамп менен сүйлөштү

Эрдоган Трамп менен сүйлөштү

941403
Эрдоган Трамп менен сүйлөштү

Президенттик Израилдин Газадагы кол салуусун катуу айыптап эл аралык коомчулукту милдетин аткарууга чакырды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Газада бүгүн тынчтыкчыл митингдерге катышкан жаран жана коргоочусуз палестиналыктарга карай Израилдин кол салуусун эң эле катуу түрдө айыптайбыз»,-деп айтты.

Калын: «Аймактагы курман болууларды жана жаракат алууларды, адамзаттын намысынын тебеленишин жана эл аралык укуктун бузулуусун кабыл алуу мүмкүн эмес. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукту милдетин аткарууга чакырабыз»,-деп айтты.

Бул учурда, Израилдин курчоосу астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында уюштурулган «Палестинанын жер күнү» митингдеринде 15 палестиналыктын Израилдин аскерлери тарабынан шейит кылынышынын себебинен Палестинада улуттук аза күтүү жарыяланды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Террор менен күрөшүү темасын караган эки лидер шериктештик рухуна ылайыктуу түрдө кызматташтыгын арттыруу чечкиндүүлүгүн тастыктады.

Анда Газада болгон жана 15 палестиналык каза болгон окуялар да сүйлөшүлдү.

Эки лидер өткөн аптада да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар