Вице -премьер Бекир Боздаг менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калындан Макронго жооп

Бекир Боздаг Франциянын ПЙД/ЙПГ/ ЙПЖ террордук уюмдарына колдоо  берүү боюнча кепилдик беришинин бул уюмдарды мыйзамдаштыруу аракети экендигин белгиледи.

941128
Вице  -премьер Бекир Боздаг менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калындан Макронго жооп

Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг Франциянын ПЙД/ЙПГ/ ЙПЖ террордук уюмдарына колдоо  берүү боюнча кепилдик беришинин бул уюмдарды мыйзамдаштыруу аракети экендигин белгиледи.

Боздаг ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ делегациясы менен жолугушкандан кийин чатырын ПЙД түзгөн СДГ менен Түркиянын арасында арачылыкты сунуш кылган Франциянын президенти Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө социалдык медиа эсеби твиттер аркылуу каршылык көрсөттү.

«Франциянын ПЙД/ЙПГ/ЙПЖ террордук уюмдарга колдоо кепилдигин бериши жана бул багыттагы билдирүүсү ; террордук уюмдарга жана террористтерге колдоо, террордук уюмдарды мыйзамдаштыруу аракети, Түркияга кол салган террордук уюмдар менен ачыкча кызматташтык жана тилектештик»,- деген Боздаг террордук уюдар менен Түркияга каршы кызматташтык жана тилектештик ичине кирген жана террористтер менен бирге Түркияга кол салгандарга террористтер менен бирдей мамиле жасаларын, Түркиянын бутасы болушарын баса белгиледи.

Бекир Боздаг : «Франция рационладык болбогон мындай кадамды таштабайт деп ойлойбуз. Террордук уюмдардын достугун Түркиянын достугуна алмаштыргандар, Түркия менен  кызматташтык түзүүнүн ордуна  террордук уюмдар менен кызматташтык түзгөндөр акырында досу болгон террордук уюмдар менен бирге жоготууга учурайт»,- деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Макрондун билдирүүлөрүнө твиттер аркылуу каршылык көрсөттү. Калын Түркиянын СДГ деген ат менен өзүн мыйзамдаштырууга аракет кылган ПКК/ПЙД/ЙПГ тууралуу мамилесинин ачык жана так экендигин баса белгилеп : «Түркия менен мындай        террордук уюмдардын арасында диалог, байланыш, арачылык сыяктуу олуттуулуктан алыс мамилелерди четке кагабыз. Террорчулукту мыйзамдаштыруу маанисине келе турган кадамдарды таштоонун ордуна дос жана союздаш катары  кабыл алган өлкөлөр, террордун бардык түрүнө каршы ачык жана так мамилени көрсөтүшү керек. Ар башка ысымдар террордук уюмдардын чыныгы күбөлүгү жашыра албайт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар