Премьер - министр Сирияда жаңы курулган партияга каршы чыкты

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сирияда курулган Сирия келечек партиясы тууралуу : «Түркияны алдай алышпайт»,- деди.

940045
Премьер  - министр Сирияда жаңы курулган партияга каршы чыкты

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сирияда курулган Сирия келечек партиясы тууралуу : «Түркияны алдай алышпайт»,- деди.

Бинали Йылдырым 2 күнгө созула турган Босния Герцеговина сапарынан мурда аэропортто журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сириянын Ракка шаарындагы жыйынында курулган Сирия келечек партиясына байланыштуу берилген бир суроого : «Кээ бир досторбузуду  убактылуу алдашы мүмкүн бирок Түркияны алдай алышпайт»,- деди премьер  - министр Йылдырым.

ПКК жикчил террордук уюмунун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин жол башчылыгында бир тараптуу деп жарыяланган жалган Түндүк Сирия федерациясы менен Ракка, Дейру Зор жана Халептен араптар, түркмөндөр менен суриянилер да болгон 700 өкүл катышкан бир жыйын менен курулган Сирия келечек партиясы тууралуу премьер  - министр : «Булардын дайыма жер жана ысым өзгөртүшкөндөрүн айтып келдик. Сирияда башка ысым менен Иракта башка ысым менен алдыбызга чыгып жатышат. Биз буларды абдан жакшы тааныйбыз кандай болуп келсе келишсин. Кээ бир досторубузду убактылуу алдай алышат бирок Түркияны алдай алышпайт»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар