Түркия маданият жана көркөм өнөр жаатында да өнүккөн цивилизациялар деңгээлинен жогору чыгат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,27-март Дүйнөлүк театр күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

938587
Түркия маданият жана көркөм өнөр жаатында да өнүккөн цивилизациялар деңгээлинен жогору чыгат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын искусство чеберлеринин берилип эмгектенүүлөрү менен маданият жана көркөм өнөр жаатында өнүккөн цивилизациялар деңгээлинен жогору чыга турганын айтты.

Эрдоган; 27-март Дүйнөлүк театр күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Эрдоган, глобалдык баалулуктарды жактаган, улуттун маданий өнүгүүсүнө жана билим алуусуна абдан оң салымдарды кошкон, сүйүүнү, урматтону, жакшыны жана туураны негиз кылып алган ар түрдүү искуство түшүнүгүнүн Түркиянын өнүгүүсүндө жана илгерилөөсүндө маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Эрдоган, өзүнө таандык уникалдуу куралдары жана түшүндүрүү ыкмалары менен адамкерчилик жана абийир жагдайын ортого салган, таасир күчү менен коомчулуктардын маданий түзүлүшүн жана ахлактык тажрыйбаларын бекемдеген искуство тармактарынан бири болгон театрдын, коомдук жашоодо таасирин күн өткөн сайын арттырып улантканын айтты.

Эрдоган, жашоого күзгү болгон, адамды адамга түшүндүргөн, сураккка алуучу жана сындоочу көз карашы менен окуялардын түшүнүлүшүнө себепчи болгон театрдын, меддах, куурчак жана көлөкө оюну сыяктуу түрлөрү менен Түркияда салтка айланганын, ар дайым кеңири көрүүчү эл массасына кайрылып балдар жана жаштардан баштап бүтүндөй коомчулукка таасирдүү билим берүү инструменти болгонун баса белгиледи.

Эрдоган: «Урматтуу театр чеберлерибиздин, театр кызматкерлеринин жана искусство сүйүүчүлөрдүн Дүйнөлүк театр күнүн куттуктаймын. Бардык атуулдарыма чын жүрөктөн салам жолдоймун»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар