Бул улут жөнөкөй эле бир улут эмес

Эрдоган, Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында 3740 террористтин жок кылынганын жарыялады.

936904
Бул улут жөнөкөй эле бир улут эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында 3740 террористтин жок кылынганын жарыялады.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Ордудагы 6-облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө: «Бул улут күчтүү бир улут. Бул улут жөнөкөй эле бир улут эмес. Бул улут барынан мурда тарыхтан алган күч менен жана ыйманынын өзүнө берген ошол күчү менен, алгач «Евфрат калканы» кыймылында, андан соң Африн кыймылында көргөнүңүздөрдөй эч кимге кулак салбастан жол тартты жана «Зайтун бутагы» кыймылында дастан жазды»,-деди.

Эрдоган: «Афринде жок кылынган террорист саны 3740ка жетти. Бирок башынан айттык биз. «Ийиндерине киребиз» дедик. Жудиде, Габарда, Тендүректе, Бестлердересинде кирдик. «Алар качса биз кубалайбыз»дедик. Ошондой эле алар качышты, биз кубаладык. Артын карабай качкандыктан Сирияга кире качышты. Ал жерде дагы кубаладык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар