Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Ирак операциясы

Ушул кезге чейин жок кылынган террорист саны 55ке жетти.

935833
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Ирак операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн операцияларда 5 террорист өлтүрүлдү.

Башкы штабдын төрагалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта десанттардын Ирактын түндүгүндөгү Хакрук жана Кани Раш аймагында жүргүзгөн операцияларында 5 террористтин дагы куралдары менен кыймылсыз абалга келтирилгендиги белгиленди.

Хакрук жана Кани Раш аймагында 12 күндөн бери жүргүзүлүп келе жаткан операцияларда ушул кезге чейин жок кылынган террорист саны 55ке жетти.

 



Тектеш кабарлар