Түрк курадуу күчтөрү бөлүшкөн көрүнүштөр

20 -  январда башталган «Зайтун бутагы» операциясы улантылууда.

935289
Түрк курадуу күчтөрү бөлүшкөн көрүнүштөр

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД –ЙПГ жана ДЕАШ мүчөлөрүн жок кылуу, дос жана боордош аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн 20 -  январда башталган «Зайтун бутагы» операциясы улантылууда. Акыркы болуп террористтердин Африндин Хажыхасанлы аймагындагы террор лагери  аба операциясында жер менен жексен кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү Африн Хажыхасанлыда бомбаланган террордук машыгуу лагери жана согуш борборунун көрүнүштөрүн социалдык бөлүшүү сайты твиттерде жарыялады. Көрүнүштөрдө террористтердин машыгуу аянттары, баш калкалоо аянттары, атуу аянттары менен суу кудуктары менен согуштук борбору бомбалангандан кийинки абалдар бар.

Аба операциясынан кийинки көрүнүштөрдө террор уяларынын баарынын жардырылгандыгы орун алды.



Тектеш кабарлар