Президент Эрдоганга Түндүк Кипр Түрк Респуликасынан "Жылдын мамлекеттик ишмери" сыйлыгы тапшырылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчүлөр биримдигинин «2018  ишкерлер сыйлыгы» жана «2019 басма сөз сыйлыктары» Лефкоша Ататүрк маданий борборунда өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды.

931504
Президент Эрдоганга Түндүк Кипр Түрк Респуликасынан "Жылдын мамлекеттик ишмери" сыйлыгы тапшырылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчү биримдиги президент Р. Т. Эрдоганды «Жылдын мамлекеттик ишмери жана Адам укуктарынын ардактуу сыйлыгына» ылайык көрүлдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчүлөр биримдигинин «2018  ишкерлер сыйлыгы» жана «2019 басма сөз сыйлыктары» Лефкоша Ататүрк маданий борборунда өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды.

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын Керектөөчүлөр биримдигинин төрагасы Хасан Йылмаз Ышык аземде сүйлөгөн сөзүндө президент Эрдоганды "Жылдын мамлекеттик ишмери жана Адам укуктарынын ардактуу сыйлыгына» ылайык көрүшкөндөрүн белгиледи. Президент Эрдогандын бул сыйлыкка ылайык экендигин бүткүл дүйнөгө далилдегендигине көңүлдөрдү бурган Ышык сыйлыкты Түркиянын Лефкоша элчиси Деря Канбайга тапшырды. Канбай Эрдогандын бүткүл дүйнөдө лидерлерге адамдар үчүн жасала турган иштерде жол башчы жана үлгү болууну улантарын айтып, Түркия республикасынын жасаган иштеринин бүткүл дүйнө тарабынан кубаттоого алынгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар