Президент менен премьер - министр аялдарды 8 - Март майрамы менен куттуктады

«Аялды же эркекти бир эле медалдын эки бети сыяктуу караган цивилизациянын мүчөлөрү болгон биз жыныстык бөлүүчүлүк менен кыймыл кылгандарга каршыбыз»,- деди президент Эрдоган.

925370
Президент менен премьер  - министр аялдарды 8 -  Март майрамы менен куттуктады
erdogan yeşil ay.png

Президент Р. Т. Эрдоган жыныстык бөлүүчүлүктүн бардык түрүнө каршы экендерин айтты. Эрдоган 8 -  Март дүйнөлүк аялдар күнүнө карата куттуктоо жарыялады. Аялдарды майрамы менен куттуктаган президент Эрдоган мамлекеттин курулушуна, Боштондук согушунун көрүнбөгөн каармандары болгон, Республика мезгилинде өлкөнүн басып өткөн жолуна абдан маанилүү салым кошкон, келечекке карата коркутууларга каршы алдыңкы саптарда күрөшкөн аялдардын, келечектин курулушунда азыркы күндө да маанилүү роль ойноону улантышкандарын белгиледи.

«Аялды же эркекти бир эле медалдын эки бети сыяктуу караган цивилизациянын мүчөлөрү болгон биз жыныстык бөлүүчүлүк менен кыймыл кылгандарга каршыбыз»,- деген Эрдоган адамдын сыймыгын жок деп санаган жана болгон көптөгөн кыйынчылыктын да жооптуусу болгон туура эмес көз караштарга каршы күрөштү акырына чейин улантууда чечкиндүү экендерин баса белгиледи.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым да 8 -  март дүйнөлүк аялдар майрамынан улам жарыялаган куттуктоосунда сүйүүнүн, курмандыктын, күрөштүн жана үмүттүн үлгүсү аялдарды майрамы менен куттуктады.

Аялдардын коомдо татыктуу болгон жерге келишинин цивилизациялуу бир коомдун негизги милдеттеринен экендигине көңүлдөрдү бурган Йылдырым, аялдардын тең укуктуулуктун негизинде укук жана эркиндиктерине жетишүүсүнүн бүткүл дүйнөнүн орток маселеси экендигин айтты.

«Үйүндө же иш дүйнөсүндө, билим берүүдө, саясатта, маданиятта, санат жана спорт сыяктуу тармактарда иш алып барган бардык аялдарыбыз өлкөбүз үчүн ийгиликтерибизге кол коюда»,- деген премьер  - министр аялдарга карата бөлүүчүлүктүн жана зомбулуктун толугу менен жок кылынышы үчүн болгон күчү менен иштегендигин жана бул темаларда айырмачылыкты арттыра турган бардык аракетти кубаттоо менен кабыл алгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар