Түркия «Зайтун бутагы» кыймылында провокацияларга алдырбастан жолун улантууда
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Маданият-искусство атайын сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын «Зайтун бутагы» кыймылында провокацияларга алдырбастан жолун улантканын айтты.
Эрдоган, Маданият-искусство атайын сыйлыгын тапшыруу аземиндеги сөзүндө, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ мүчөлөрүн жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткарыш үчүн 20-январда баштаткан «Зайтун бутагы» кыймылына токтолду.
Бүгүн эртең менен Африн аймагында жок кылынган террорист санынын 1829га жеткенин баса белгилеген Эрдоган: « Бул бир ишеничтин, ыймандын натыйжасы. Кээде жалган нерселер чыгат. Эч бирисине алдырбастан жолубузду улантуудабыз. Тоо-таш дебестен, күн-түн дебестен, учурда күрөшүүнү жоокерлерибиз улантууда»,-деди.
Түркиянын да бир топ кыйынчылыктарды тартканын, бир топ татаалдыктарды камтыганын белгилеген Эрдоган: «Аймагыбыз орун алган абалды тагдырга бараткан жолдо белги, эскертүү катары карайбыз. Дайыма эң мыктысын кылууну ойлоп, бирок жаманына да даяр болуп жолубузду улантабыз»,-деп айтты.