Түркия адамсыз жүрүүчү танкаларды да чыгарат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда 11-Өнүгүү планын таанытуу жыйналышында сөз сүйлөдү.

915446
Түркия адамсыз жүрүүчү танкаларды да чыгарат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын айдоочусуз жүрүүчү танкаларды да чыгара турган абалга келе турганын айтты.

Президент Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда 11-Өнүгүү планын таанытуу жыйналышында сөз сүйлөп, Түркиянын коргоо өнөр жайынын бир топ тармакта улуттук технологияларга ээ болгонун билдирди.

Коргоо өнөр жайында жергиликтүүлүк үлүшү 65 пайызга жеткенин айткан Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагын көздөй жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылындагы зооттолгон унаалардын дээрлик бардыгы жергиликтүү чыгарылыш экенин айтты.

Эрдоган: «Айдоочусуз жүрүүчү танкаларды да жасап чыгаргыдай абалга келишибиз керек. Муну да кылабыз. Андай нерселерди ойлобойбуз. Бир топ куралдарыбызды чыгаргыдай абалдабыз»,-деди.

«Афринде эгерде биз бирөөлөргө муктаж абалда болсок, учурда келип жеткен турумубуз бул болмок эмес. Бирок эч кимге муктаж болбостон өз киндигибизди кестик»,-деген Эрдоган, учурда «Зайтун бутагы» кыймылында 1788 террорист жок кылынганын айтты.

Президент, Асадды жактаган террорист топтордун Афринге кирүү аракети тууралуу да, «Өзүнүн куралы, өзүнүн зооттолгон унаасы болгон соң аскердин эрдиги ошончолук артат. Түштүктөн кирели дегенде замбиректерибиз, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз атканда, кайтууга аргасыз болушту»,-деди.

Эрдоган, жакынкы убакта Түркиянын жергиликтүү жана улуттук товарларын дагы көп экспорттогудай абалга келе турганын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар