Түркия катары биз «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу пландарыбызды жүзөгө ашырууну улантабыз

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалымат берип журналисттердин суроолоруна жооп берди.

915230
Түркия катары биз «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу пландарыбызды жүзөгө ашырууну улантабыз

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, кечээ Сириянын Африн аймагына кирүүгө аракет кылган режимди жактоочу террорист топтордун, Түрк аскеринин эскертүү ок атусуу менен Халебге чегингенин айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалымат берип журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ибрахим Калын: «Асад режими менен жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландсы ПЙД-ЙПГнын ортосунда келишимге кол коюлду деген кабарлар чыкты. Халеб жактан келип Африндин түштүк четтерине, ал жерден да шаарга кирүүгө аракет кылган 40-50 унаалык конвойдун ушундай аракетин көрдүк. Булар замбирек атууларыбыз менен чегиништи. Бул жерде келишимге кол коюлган жок. Мындай келишим (режим-ПЙД) болсо дагы Түркия катары биз «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу пландарыбызды жүзөгө ашырууну улантабыз»,-деди.

Катчы Калын, «Зайтун бутагы» кыймылынын алдында келген чалгындоо менен жаңы табылган маалыматтардын, Африндин жаңы Кандиль (Ирактагы террор уясы) түзүлүүгө аракет кылынганы далилденгенин баса белгиледи.

Орусиянын «Дамаск бийлиги менен түздөн-түз байланыш сунушу тууралуу суроо боюнча Калын: «Биздин Дамаск режими менен расмий жолугушуубуз болгон жок. Ок атышпоочулук аймактарын түзүш үчүн Астана процессинде курган механизм бар. Бул жерде берилген маалыматтар Орусия жана Иран аркылуу Дамаск режимине өткөрүлүүдө. Биздин түздөн-түз расмий байланышыбыз болбойт. Бирок күтүлбөгөн шарттар керек болгондо белгилүү маселелерди чечиш үчүн тийиштүү бөлүмдөрүбүз, м.а. Улуттук чалгындоо уюмубуз, түздөн-түз же кыйыр, белгилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат. Бул ансыз деле чалгындоо бөлүгүбүздүн негизги милдет аныктоолорунун арасында орун алат»,-деди.

Түркия менен АКШнын карым-катнаштарына да токтолгон Калын: «АКШнын ЙПГга берген колдоосунун соңуна чыгарылышы, террористтердин Менбичтен чыгартылышы темасында күтүүбүз абдан так. ПЙД менен болгон кызматташтыктын соңуна чыгарылышы керек болуп турат. Биздин күтүүбүз, АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугунун бул террор уюму тууралуу так кадамдарды ташташы. Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) маселесинде да так кадамдарды күтүүдөбүз. Биздин бардык талабыбыз, камакка алынуу өкүмү чыккан, доолор коюлган, Түркия Республикасынын атуулдары болгон, бирок учурда АКШда жүргөн кишилердин Түркия Республикасына кайтарылып берилиши жана сот алдына чыгарылышы болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар