Түркия менен Өзбекстандын террор менен күрөшүүдө кызматташтыгы

Түркия жана Өзбекстан террор менен күрөшүү тууралуу кызматташтыгын өнүктүрөт.

912140
Түркия менен Өзбекстандын террор менен күрөшүүдө кызматташтыгы

Түркия жана Өзбекстан террор менен күрөшүү тууралуу кызматташтыгын өнүктүрөт. Интерполь мекемесинин төрагасы Лүтфи Чичек ушунун негизинде Өзбекстандын ички иштер министрлигинин террор менен күрөшүү боюнча башкы директору Октам Мурадов жана Өзбекстандын Интерполь төрагасы Рустам  Исраилов менен жолугушту.

Өзбекстан ички иштер министрлигинин басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда Чичек жана коштоосундагы түрк делегациясы өзбек коопсуздук жетекчилери менен өткөргөн жолугушууда тараптардын арасында заманбап коркутууларга каршы күрөштө кызматташтыктын өнүктүрүлүшү темаларын сүйлөшүштү. Маалыматта Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда соода  - экономикалык, туризм, спорт, билим  - техника жана маданият тармактарында болгондой коопсуздук жана коопсуздук тармактарында да тыгыз кызматташтыгынын курулгандыгы белгиленди.

Эл аралык террор, бөлүүчүлүк, мыйзам тышы банги зат жана адам качыруу сыяктуу кылмыштардын барган сайын арткандыгына көңүл бурулган маалыматта ушул алкакта түрк жана өзбек коопсуздук мекемелеринин орток иш алып баруусунун арттырылышы жана кызматташтыгынын дагы жогорку деңгээлге чыгарылышынын мааниси белгиленди.

Куралдуу кагылышуулар улантылып жаткан Сирия жана Ирактагы террордук уюмдар менен күрөшкөн кишилердин күбөлүктөрүнүн аныкталышы, алардын эл аралык изилдөө тизмесине киргизилиши жана кармалышынын коопсуздук мекемелер жана Интерполь кызматкерлеринин маанилүү функцияларынан экендиги белгиленген маалыматта бул жерде күч жана мүмкүнчүлүктөрдүн бириктирилиши, дайыма маалымат алмашуу жана террор менен күрөшүү үчүн орток иштердин аткарылышынын мааниси баса белгиленди.



Тектеш кабарлар