Бинали Йылдырым инвесторлор менен жолугушту

Премьер  - министр Бинали Йылдырым инвесторлорго Түркия сунуш кылган иш жана ивестиция мүмкүнчүлүктөрүнөн сөз кылды.

912496
Бинали Йылдырым инвесторлор менен жолугушту

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Германиянын Мюнхен шаарында инвесторлор менен жолугушту. Йылдырым 54 -  Эл аралык Мюнхен Коопсуздук Конференциясынын негизинде барган Геманияда чет элдик инвесторлор менен жолугушту.

Программада жалпы көлөмү 40 миллиард долларга жеткен фирмалардын инвесторлоруна Түркия сунуш кылган иш жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнөн сөз кылган Бинали Йылдырым келерки мезгилде экономикада кенен түрдөгү структуралык реформалар жана чоң базистик проектилерин улантышарын билдирди.

Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жана 1 саатка жакын созулган программага катышкан тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, коргоо өнөр жайынын кеңешчиси Исмаил Демир, Түркиянын Берлиндеги элчиси Али Кемал Айдын, премьер  - министрликтин турак жай салуу бшкармалыгы ТОКИнин төрагасы Эргүн Туран менен Зираат банкынын генералдык директору Хүсейин Айдын жана башка жетекчилер катышты.



Тектеш кабарлар