Премьер-министр Йылдырым Берлинде

Йылдырым Берлинде кесиптеши Ангела Меркель менен Түркия убактысы боюнча саат 18.00де жолугат.

911383
Премьер-министр Йылдырым Берлинде

Премьер-министр Бинали Йылдырым, атайын учак менен Германиянын борбор шаары Берлинге барды.

Йылдырымды Тегель аэропортунда Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз, Түркиянын Берлиндеги элчиси Али Кемал Айдын менен Германиянын тышкы иштер министрлигинин протокол кызматкерлери тосуп алышты.

Йылдырым Берлинде кесиптеши Ангела Меркель менен Түркия убактысы боюнча саат 18.00де жолугат.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы каралмакчы.

Премьер-министр Берлиндеги жолугушууларынан кийин Мюнхенге барат.

Йылдырым Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.



Тектеш кабарлар