Премьер-министр Йылдырым Беларустан кийин Берлинге барат
Йылдырым Берлинде кесиптеши Ангела Меркель менен жолугат.
910979
Премьер-министр Бинали Йылдырым, Беларустагы жолугушууларынан кийин Германиянын борбор шаары Берлинге барат.
Йылдырым Берлинде кесиптеши Ангела Меркель менен жолугат.
Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы каралмакчы.
Премьер-министр Берлиндеги жолугушууларынан кийин Мюнхенге барат.
Йылдырым Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.