Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалуу

Бинали Йылдырым грек кесиптеши менен телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

910197
Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалуу

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын премьер-министри Алексис Ципраска, Эгей деңизинде чыңалуунун басаңдатылышы үчүн керектүү чараларды көрүүлөрү керектигин айтты.

Бинали Йылдырым грек кесиптеши менен телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Премьер-министр Йылдырым Ципраска: «Акыркы мезгилдердеги чыңалууга тынчыбыз кетип турат. Эгей деңизинде чыңалуунун басаңдатылышы үчүн Греция керектүү чараларды көрүшү керек»,-деди.

Сүйлөшүүдө ушул алкакта зарыл болгон учурда эки тараптын жогорку деңгээлдеги аскердик жетекчилеринин жолугушуусунун пайдалуу болоору темасында макулдашылды.

Оң өткөнү белгиленген сүйлөшүүдө, көйгөйлөрдүн диалог жолу менен чечилүүсүнө басым жасалышы жана ишенимди арттыручу чара көрүүлөрдүн аткарылышына токтолушту.

Премьер-министр Йылдырым расмий сапар менен Беларуска аттаанар алдында да журналисттердин суроосу боюнча: «Ципраска чыңалуулардан алыс турулушунун эки өлкө үчүн тең пайдалуу болоорун ачык сөздөр менен билдирдик»,-деди.

Йылдырым: «Эгей деңизи достук деңизи болушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар