Премьер - министри Бинали Йылдырым Белоруска кетти

Бинали Йылдырым белорустук кесиптеши Андрей Кобяков менен жолугушат.

910311
Премьер  - министри Бинали Йылдырым Белоруска кетти

Премье  - министр Бинали Йылдырым расмий сапар менен Белоруска кетти. Бинали Йылдырым белорустук кесиптеши Андрей Кобяков менен жолугушат.

Бинали Йылдырымдын Белоруска жасай турган расмий сапары премьер  - министрлик деңгээлинде Минскке жасала турган алгачкы сапары болот. Расмий жолугушуулардын негизинде эки тараптуу, аймактык жана эл аралык темалар каралат.
Эки өлкөнүн ортосунда бир топ келишимге кол коюлат. Бинали Йыдырым Белорус президенти Александр Лукашенко менен да жолугушат. Премьер  - министр сапарынын негизинде Түркия  - Белорус иш форумуна да катышат. Бинали Йылдырымдын өзгөчө Түркиянын кошкон салымы менен курулган Минск мечитине барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар