Түркиядан Белоруска биринчи премьер - министрлик деңгээлде сапар ишке ашырылат
Премьер - министр Бинали Йылдырым эртең Белоруска эки күндүк сапар менен барат.
![Түркиядан Белоруска биринчи премьер - министрлик деңгээлде сапар ишке ашырылат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2b0d/0e69/7f6a/5a6c26293be07.jpg?time=1718754332)
Премьер - министр Бинали Йылдырым эртең Белоруска эки күндүк сапар менен барат. Йылдырым Белорус сапарынын негизинде өлкөнүн премьер - министри Андрей Кобяков менен жекеме - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Белорусиянын президенти Александр Лукашенко кабыл алат.
Премьер - министр Йылдырым өзгөчө Республикалык Кеңешинин төрагасы Михаил Мясникович жана өкүлдөр парламентинин төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушат. Йылдырымдын Белорус сапары Минскке жасалган биринчи сапар болот.
Эки тараптуу карым – катнаштар менен аймактык жана эл аралык маселелер карала турган сапарда эки өлкөнүн ортосунда бир топ келишимге да кол коюлары күтүлүүдө. Белорустун көз карандысыздыгын таныган биринчи өлкө катары Түркия 1992 - жылы 25 - мартта бул өлкөлөр менен курган дипломатиялык карым - катнаштарга маани берүүдө.
Түркия менен Белорустун ортосундагы эки тараптуу байланыш жана сапарларда акыркы мезгилде артуу болгондугу белгиленди. түркиядан Белоруска жогорку деңгээлде алгачкы расмий сапар 2016 – жылы 11 - ноябрда президент Р. Т. Эрдоган тарабынан ишке ашырылган. Президент Эрдогандын борбор шаар Минсктеги жолугушууларынын негизинде эки өлкөнүн ортосунда 9 документке кол коюлган.