Премьер-министр Йылдырым Беларуска барат

Эки күндүк сапардын алкагында Түркия менен Беларустун ортосунда бир канча келишимге кол коюлат.

908916
Премьер-министр Йылдырым Беларуска барат

Премьер-министр Бинали Йылдырым 14-15-февралда Беларуска барат.

Премьер-министрликтин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлөт. Сапардын алкагында Йылдырым Беларустун президенти Александр Лукашенко тарабынан кабыл алынмакчы.

Ошондой эле Бинали Йылдырым Президенттик кеңешинин төрагасы Михаил Мясникович жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугат.

Жолугушууларда Беларусь менен эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана эл аралык маселелер каралат.

Эки күндүк сапардын алкагында Түркия менен Беларустун ортосунда бир канча келишимге кол коюлмакчы.

Премьер-министр Йылдырымдын айрыкча Түркия-Беларусь ишкердик форумунун жабылышын беларустук кесиптеши менен ишке ашырышы, Түркиянын салымдары менен курулган Минск мечитин зыярат кылышы жана эки өлкөнүн улуттук курамаларынын хоккей боюнча достук мелдешин көрүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар