Премьер - министр Бианли Йылдырым Германиянын канцлери менен 15 - февралда жолугушат

Стеффен Зейберт берген жазуу түрүндөгү маалыматта Бинали Йылдырым менен Меркелдин жергиликтүү убакыт боюнча саат 16да жолугушарын билдирди.

909317
Премьер  - министр Бианли Йылдырым Германиянын канцлери менен 15 -  февралда жолугушат

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Германиянын канцлери Ангела Мрекель менен 15 -  февралда борбор шаар Берлинде жолугушат. Немис өкмөтүнүн катчысы Стеффен Зейберт берген жазуу түрүндөгү маалыматта Бинали Йылдырым менен Меркелдин жергиликтүү убакыт боюнча саат 16да жолугушарын жана андан кийин өткөрүлө турган пресс – жыйында журналисттердин суроолоруна жооп беришерин билдирди.

Берлиндеги жолугушуудан кийин Эл аралык Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуу үчүн Мюнхенге бара турган премьер  - министр Бинали Йылдырымдын бул жерде сөз сүйлөй тургандыгы күтүлүүдө.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым жана коштоосундагы делегациянын башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар