Тиллерсон келсе мамилебиз оңолот же толугу менен бузулат

Жуманын акырында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал-полковник Герберт Макмастерди тосуп алган Түркия, бейшемби күнү да мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду тосуп алат.

908892
Тиллерсон келсе мамилебиз оңолот же толугу менен бузулат

Тышкы иштер минстри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Түркияга жасай турган сапары менен эки тараптуу карым-катнаштардын оңдоло турганын же болбосо толугу менен бузула турганын айтты.

Сламбулда катышкан Түркия-Европа Биримдиги конференциясында сөз сүйлөгөн Чавушоглу, АКШ менен карым-катнаштардын орчундуу бир жерде экенин белгилеп, «Биздин АКШдан күткөнүбүз ачык жана так. Эми биз убада күтпөйбүз, так кадамдарды каалайбыз. Жоголгон ишенимдин ордуна келтирилиши керек. Жоголгон ишенимдин себеби болсо АКШнын мамлилеси. Анткени Түркия эч бир шериктешине, досуна жаңылыштык кылган жок. Бирок шериктеш АКШдан террор уюму ФЕТӨ жана ПКК темасында олуттуу жаңылыштыктарды көрдүк. Тиллерсондун сапарында буларды сүйлөшөбүз. Же оңдойбуз же толугу менен бузулат»,-деп айтты.

Жуманын акырында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал-полковник Герберт Макмастерди тосуп алган Түркия, бейшемби күнү да мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду тосуп алат.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолуга турган Тиллерсондун президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Анкарадагы жолугушууларында негизги күн тартип берене Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагына карай жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылы болот.

АКШ операциянын Мүнбичке чейин барбашын каалайт.

Түркия болсо (жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы) ЙПГны Мүнбичтен тазалоого чечкиндүү.

Жолугушууларда бул темадагы көз караш айырмачылыктарынын алдын алуу үчүн форумалар сүйлөшүлө турганы билдирилди.

Тиллерсонго АКШ башкаруучулугу тарабынан ЙПГге берилген куралдар темасындагы тынчсыздануу да билдирилет.

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Макмастер, жуманын аягында Стамбулда президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен жолуккан.

Президенттик маалымат борборунан маалымдалгандай жолугушууда, Африн кыймылы, Вашингтон башкаруучлугунун ЙПГ саясаты жана ыктымалдуу Мүнбич кыймылы бар эле.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштарга таасир тийгизген темалар кеңири каралып чыкты.

Терроризмдин ар түрдүүсү менен биргелешип күрөшүүнү өнүктүрүүнүн жолдору изилденди.

Жолугушууда Түркия жана АКШнын узун мөөнөтүү стратегиялык өнөктөштүк карым катнаштары тастыкталды.



Тектеш кабарлар