Эрдоган Путинге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусияда кырсыкка учураган учак боюнча кесиптештерине көңүл айтты.

908644
Эрдоган Путинге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Москвада жүргүнчү учагынын кулап түшүп, чоң трагедияны башынан өткөрүп жаткан Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге кайрат айтты.

Президенттик маалымат борборунун маалыматына караганда президент Эрдоган, Путинге жиберген көңүл айтуу билдирүүсүндө, кечээ Москванын Домодедово аэропортунан учкан жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашынын себебинен 71 киши каза болушуна катуу капа болгонун билдирди.

Президент Эрдогандын трагедиялуу кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө сабырдуулук, Путинге жана ал аркылуу бүткүл орус калкына кайрат айтуусу орун алды.

Премьер-министрликтин басма сөз борборунан алынган маалыматка караганда Бинали Йылдырым да, ичинде 71 жүргүнчүсү болгон учактын кырсыкка учурашынын себебинен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевке көңүл айтуу телеграфын жиберип, кайрат айтты.

Йылдырым телеграфында: «Бул кокустан болгон кырсыкта каза болгондордун жакындарына сабыр, сиз аркылуу өкмөтүңүзгө жана дос орус калына кайрат айтамын»,деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар