Премьер - министр Бинали Йылдырым Мюнхен коопсуздук конференциясына катышат

Премьер  - министр Бинали Йылдырым 16 – 18 -  февраль күндөрү Германияда өткөрүлө турган Мюнхен коопсуздук конференциясына катышат.

907159
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Мюнхен коопсуздук конференциясына катышат

Премьер  - министр Бинали Йылдырым 16 – 18 -  февраль күндөрү Германияда өткөрүлө турган Мюнхен коопсуздук конференциясына катышат.  

Бинали Йылдырым түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШка таандык террористтерди жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн 20 -  январда баштаган Зайтун бутагы операциясы тууралуу Түркиянын  мыйзамдуулугун Германияда лидерлерге түшүндүрөт. Бинали Йылдырым өзгөчө ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГге берилген НАТО куралдарынын Түркияга каршы колдонулгандыгын документтер менен ортого салат.

54 -  Эл аралык Мюнхен коопсуздук конференциясына 21 мамлекет жана өкмөт башчылары менен глобалдык коопсуздук саясаттарынын негизги ысымдары катышат.

Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасы Вольфганг Ишингер борбор шаар Берлинде өткөргөн пресс  - жыйынында «Баш тартылгыс бир өнөктөш» экендигин айтып, Түркиянын конференцияга катышуусуна чоң маани беришкендерин баса белгиледи. Ишингер Түркия менен террордук уюмга колдоо берген АКШнын ортосундагы абалды жумшарта турган сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүнөн үмүт кылышкандарын да айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар