Эрдоган бүгүн Ватиканга аттанат

Ватикан сапарынан кийин Римде Италиянын президенти Сержо Маттарелла менен иш тамагында жолуга турган президент Эрдоган, премьер-министр Паоло Жентилонини кабыл алат.

903203
Эрдоган бүгүн Ватиканга аттанат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ватиканга расмий сапар менен бүгүн барат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ватиканда католиктердин руханий лидери папа Фрэнсис  менен жолугат. Жолугушууда Түркия-Ватикан карым-катнаштары, Кудус тууралуу абалдар, аймактык маселелер, Сирияда болуп жаткан адамзат трагедиясы, террор, чет элдик жана ислам душмандыгы менен күрөшүү сыяктуу темалар күн тартипке келет.

Ватикан сапарынан кийин Римде Италиянын президенти Сержо Маттарелла менен иш тамагында жолуга турган президент Эрдоган, премьер-министр Паоло Жентилонини кабыл алат.

Түркия менен Италиянын ортосундагы саясий, экономикалык, коргоо өнөр жайы тармактарында эки тараптуу кызматташтык темалары карала турган жолугушууларда Сирия, Ирак, жана Ливиядагы акыркы абалдар, Кудүс, террор жана мыйзамсыз көч менен күрөшүү темаларында кызматташтык, ЕБ жана Түркия-ЕБ карым-катнаштары сыяктуу эки өлкөнүн тең орток күн тартибинде орун алган жагдайлар боюнча пикир алмашылат.

Эрдогандын Римге сапары убагында алдыңкы итальян фирмаларынын башкаруучуларын кабыл алуусу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар