Түрк куралдуу күчтөрү африндиктерге үч тилде чакырык салды

Аймактын элине карата даярдалган билдирүүлөр асмандан ташталды.

900131
Түрк куралдуу күчтөрү африндиктерге үч тилде чакырык салды

Түрк куралдуу күчтөрүнөн африндиктерге 3 тилде биримдүүлүк чакырыгы...

Түрк куралдуу күчтөрү, Эркин Сирия армиясынын колдоосу менен 20-январдан бери Афринде жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында аймактын элине карай түркчө, арабча, жана күртчө даярдалган билдирүүлөрдү асмандан таштады.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн, элди ПКК/ПЙД жана ДЕАШ террордук уюмдарга каршы чогуу күрөшүүгө чакырган билдирүүсүндө: «Африн африндиктердики»,-деп жазылды.

«Африндик боордошторубуз» деп кайрылган билдирүүдө, аймакта тынчтык, ынтымак, ишеним жана туруктуулуктун камсыздалышы үчүн бирге иштешүү чакырыгы айтылды.

Билдирүүдө бул сөздөргө орун берилди: «Коңшусуна курал такаган, мечиттерибизди кулаткан, мыкаачы ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШтык террористтердин кысым жана зулумун токтотуунун убагы келди. Террористтердин биздин балдарыбызды колдонууларына, сизди, үй-бүлөңүздү жана келечегиңизди жок кылууларына уруксат бербегиле. Террористтерге «токто» дегендин убагы келди. Террористтерге каршы бардыгыбыз чогуу бололу. Террористтерден алыс тургула. Африн африндиктердики. Кудай буюрса Афринде тынчтык, бакубаттык, ишеним жана коопсуздук камсыздалат».



Тектеш кабарлар