Кандиль менен Асоско абадан операция
Операцияда 11 бута жок кылынды.
![Кандиль менен Асоско абадан операция](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/810d/e4be/3557/5a6eb8fa304e6.jpg?time=1718968058)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Кандиль жана Асос аймактарына жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПККга таандык 11 бута жок кылынды.
Башкы штабдын төралыгынын билдирүүсүнө караганда, Ирактын түндүгүндөгү ПККга таандык буталарга карай операциялар уланып жатат.
Чалгындоо жана байкоо салуу аркылуу Ирактын түндүгүндөгү Кандил жана Асос аймактарында, аскердик база жана полиция пунктарына кол салууга даярданган террордук уюмдун мүчөлөрү белгиленди.
Бул боюнча жүргүзүлгөн абадан операцияда, ПККлык террористтерге таандык баш калкалоочу жай жана курал-жарак сактоочу кампаларды камтыган буталар жок кылынды.
Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базага кайтып келишти.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718968058)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.