Дүйнөдөгү эң узун адам менен эң кыска бойлу аял Египетте
Дүйнөдөгү эң узун адам Көсен менен дүйнөдөгү эң кыска бойлуу аял индиялык Жойти Амге Гиза пирамидаларын зыярат кылышты.
![Дүйнөдөгү эң узун адам менен эң кыска бойлу аял Египетте](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d063/f377/9724/5a6c3db4c6207.jpg?time=1718746836)
Египет маданият жана туризм министрлигинин чакыруусу менен борбор шаар Каирге барган дүйнөнүн эң узун кишиси мардиндик Султан Көсе менен дүйнөнүн эң кыска бойлуу аялы индиялык Жойти Амге Гиза пирамидаларын зыярат кылышты.
Дүйнөнүн жашаган эң узун кишиси катары Гиннес рекорддор китебине кирген Көсен Египет туризимине салым кошуу үчүн Каирге барды.
Египет туризимин өнүктүрүү делегациясынан берилген маалыматта дүйнөнүн эң узун кишисинин Египетке биринчи жолу баргандыгы жана Египет туризимин колдоо үчүн Каирдеги тарыхый жана туристтик аймактарды зыярат кыла баштагандыгы белгиленди.
Көсенге бүгүн дүйнөнүн эң кыска бойлуу аялы деп кабыл алынган индиялык Жойти Амге да кошулду. Боюу 2 метр 51 сентиметр болгон Көсен менен боюу 62 сантиметр 8 миллиметр болгон Амге пирамидалардын алдында сүрөткө түшүштү.
Египет туризимин өнүктүрүү делегациясынын жетекчиси Несрин Османли берген маалыматында дүйнөнүн эң узун адамы менен эң кыска аялынын Каир сапары 4 күнгө созуларын билдирди. Османли Көсен менен Амгенин Гиза пирамидалары, Каир муранасы, Тахрир аянытындагы Египет музейин зыярат кылып бир пресс - жыйын өткөрүшөрүн жарыялады.
Египет 25 - январь төңкөрүшүнөн мурда туризимден жылда 11 миллиард доллар киреше алып жаткан. 2015 - жылы 6, 1 миллиард долларга артка кетенчиктеген кирешелер 2016 - жылы 3,4 миллиард долларга түштү.