Түрк куралдуу күчтөрү 306 террористти жок кылды

Сириянын Африн аймагында террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 306 террорист жок кылынды.

897298
Түрк куралдуу күчтөрү 306 террористти жок кылды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре 306 террорист жок кылынды.

ТККнын жарыясына караганда бир күн бою абадан жүргүзүлгөн операцияларда ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына таандык баш калкалоочу жай, үй жай, ок дары жана курал сактоочу кампалар жана буктурма катары колдонулган бардыгы 25 бута атылып, жер менен жексен кылынды.

Жарыяда кыймылга катышкан 14 учактын коопсуз түрдө базаларына кайтканы белгиленди.

Анда мындай делди: «Зайтун бутагы операциясынын аклагында ушул убакка дейре аймактан алынган маалыматтарга караганда эң аз 306  ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарынын мүчөлөрү жок кылынганы белгиленди.

«Зайтун бутагы» кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү улантылууда»



Тектеш кабарлар