Катар Түркиянын террор менен күрөшүүсүн колдойт

Президент Эрдоган, эң акырында Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

896719
Катар Түркиянын террор менен күрөшүүсүн колдойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Африн аймагына карай Түрк куралдуу күчтөрү баштаган «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу телефон дипломатиясынын уланганын айтты.

Президент Эрдоган, эң акырында Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда, жолугушууда Сириядагы акыркы абалдар жана Түркиянын Афринде террордук уюмдарга каршы баштаган «Зайтун бутагы» кыймылы туурасында пикир алмашты.

Президент Эрдоган, Түркиянын улуттук коопсуздугу жагынан абдан зарылдуулук болгон кыймылдын, Сириянын саясий биримдигине, жеринин бүтүндүгүнө, аймактын тынчтык жана ырааттуулугуна маанилүү салым кошо турганына көңүл бурду.

Президент Эрдоган, «Зайтун бутагы» кыймылында адамзат жагдайына да маани берилгенин, аймактагы  жаран калктын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чара көрүлгөнүн билдирди.

Катардын эмири шейх Тамим да, катардыктар катары террор уюму менен күрөшүү темасында Түркияны колдогондоруна токтолду.

Президент Эрдоган жана Катардын эмири шейх Тамим, эки тараптуу карым-катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүү темасындагы чечкиндүүлүктөрүн бул сүйлөшүүдөн улам кайра тастыкташты.



Тектеш кабарлар