Курал менен жабдылган теророр уюмунун акыркы мүчөсү жок болгонго дейре операция уланат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепеде Айыл өкмөт башчыларынын 44-жыйналышында сөз сүйлөдү.

896139
Курал менен жабдылган теророр уюмунун акыркы мүчөсү жок болгонго дейре операция уланат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, курал менен жабдылган теророр уюмунун акыркы мүчөсү жок болгонго дейре “Зайтун бутагы» кыймылынын улана турганын айтты.

Президент Эрдоган, Бештепеде Айыл өкмөт башчыларынын 44-жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, Сириянын Африн аймагын террористтерден тазалаш үчүн Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан башталган операциянын ийгиликтүү уланганын белгилеп: «Аймактын чыныгы ээлери менен ТККдан турган бөлүк, кадам-кадам Афринди көзөмөлгө алууда. Курал менен жабдылган террор уюмунун акыркы мүчөсү жок кылынганга дейре бул операция уланат. Чек ара коопсуздугубуз албетте маанилүү. Атуулдарыбыздын жан жана мүлк коопсуздугуна кастык кылган чек аранын ары жагындагы коркунучтар албетте маанилүү. Биз Сириядагы араб, күрт жана түркмөн туугандарыбыздын келечегин эң аз өзүбүздүкү сыяктуу маани беребиз. Бирөөлөр чагымчылык казанын кайнаты, төрт тараптан чабуул коюда. Бул операцияны Африндеги күрт туугандарыбызга каршы жүргүзүлгөнү сыяктуу көрсөтүүгө, бизди басып алуу менен күнөөлөөгө аракет кылышууда»,-деди.

«Евфрат калканы» кыймылында террористтерден тазаланган аянтка 100 миңден ашуун сириялык жаран жайгашканын, Афринде да ошондой боло турганын белгилеген Эрдогоган: «Биринчи террористтердин тамырын жулабыз. Андан кийин ал жерди жашалгыдай абалга келтиребиз. Кимдер үчүн? Өлкөбүздө конок кылган 3,5 миллион сириялыктар үчүн»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Афринде бүтүндөй адамзаттын душмандай аң-сезими менен күрөшүлгөнүн баса белгилеп, «Зайтун бутагы операциясында шейиттерибиз, ардагерлерибиз бар, бирок Эркин Сирия армиясы жана биздин шейиттерибиз менен кошкондо 7-8 шейитибиз бар болсо, 4 күндүн ичинде, каршы тараптан да белгилегенибизге караганда 268 киши набыт болду. Бул чечкиндүү түрдө улантылат. Булардын тамырын жулабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар