Эрдоган менен Трамп бүгүн сүйлөшүү өткөрөт

Бул тема тууралуу маалыматты тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу берди.

896081
Эрдоган менен Трамп бүгүн сүйлөшүү өткөрөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн сүйлөшүү өткөрөт.

Бул тема тууралуу маалыматты тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу берди.

Дипломатиялык маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу «Химиялык курал колдонуунун жазасыз калбашы үчүн эл аралык өнөктөштүк» темалуу тышкы иштер министрлеринин жыйналышына катышуу үчүн барган Франциянын борбор шаары Парижде АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен жолукту.

Жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген Чавушоглу, Тиллерсон менен болгон жолугушууда көбүнчө Сирия темасы каралганын айтты.

Чавушоглу, Түркиянын ПЙД/ПККга берилген куралдардан тынчсызданганынын кайра айтылганын билдирди.

Сирияда террористтерден жалган армия курулуусу тууралуу, Түркиядагы тынчсызданууларды күн тартипке алып келгендерин айткан Чавушоглу: « (Тиллерсон) ЙПГнын бул жерде бир түзүлүш түзүү аракетинде болбогондорун, саясий түзүлүш менен катар колдоо көрсөтпөгөндөрүн бүгүн (кечээ) баса белгиледи. Эртең (бүгүн) ансыз деле эки президент да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөт, аны айтты. Урматтуу Трмап, президентибиз менен сүйлөшүүнү каалайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар