Эрдоган Африн кыймылын дүйнө лидерлери менен сүйлөшүүдө

Президент Режеп Тайип Эрдоган Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

895913
Эрдоган Африн кыймылын дүйнө лидерлери менен сүйлөшүүдө

Президент Режеп Тайип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 
Президенттиктин маалымат борборунан маалымдалгандай эки лидер, Сирия маселесине байланыштуу акыркы кырдаал жана Түркиянын Афринде террордук уюмдарга каршы жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу пикир алмашышты. 
Президент Эрдоган Түркиянын аты аталган операцияны, эл аралык мыйзамдын негизинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун шартынын 51-беренесинен келип чыккан мыйзамдуу коргонуу укугунун алкагында, терроризмге каршы күрөшүү темасындагы БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомуна ылайык жүргүзүп жатканын баса белгиледи. 
Макрон менен «Зайтун бутагы» кыймылы боюнча маалымат бөлүшкөн президент Эрдоган, операцияда карапайым тургундардын жабыркабашы үчүн бардык чаралардын көрүлгөнүнө көңүл бурду. 
Эки лидер Сирия маселесинин чечилүүсүнө карата аракеттерге байланыштуу алдыдагы күндөрдө байланышып туруу боюнча макулдашышты.

Президент Режеп Тайип Эрдоган, андан соң Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки лидер эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолушкан сүйлөшүүдө, Афринде жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы менен катар Сириядагы акыркы кырдаал туурасында пикир алмашышты.

Президент Эрдоган, "Зайтун бутагы" кыймылынын Африн аймагын ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШтан тазалоону максаттаганын айтты.

Түркиянын улуттук коопсуздугун кепилдикке алууну максаттаган бул кыймылдын Сириянын саясий биримдиги жана жеринин бүтүндүгү жагынан да маанилүү салым кошо турганына токтолгон Эрдоган, Сирия маселесинде Орусия менен биргелешип иштөөгө маани бергенин айтты.

Эки лидер,Орусиянын Сочи шаарында жүргүзүлө турган Сириянын улуттук диалог конгрессинин ийгилиги жана саясий чечүүчү жолдун ачылышы үчүн биргелешкен аракетти улантуу темасындагы чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.



Тектеш кабарлар