Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен сүйлөштү
Эки лидер телефондо сүйлөштү.
![Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fdaa/03a5/0a4d/5a584385b1953.png?time=1718809497)
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктен маалымдалгандай эки лидер эки тараптуу карым-катнаштарга да тотолушкан сүйлөшүүдө, Афринде жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы менен катар Сириядагы акыркы кырдаал туурасында пикир алмашышты.
Президент Эрдоган, "Зайтун бутагы" кыймылынын Африн аймагын ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШтан тазалоону максаттаганын айтты.
Түркиянын улуттук коопсуздугун кепилдикке алууну максаттаган бул кыймылдын Сириянын саясий биримдиги жана жеринин бүтүндүгү жагынан да маанилүү салым кошо турганына токтолгон Эрдоган, Сирия маселесинде Орусия менен биргелешип иштөөгө маани бергенин айтты.
Эки лидер,Орусиянын Сочи шаарында жүргүзүлө турган Сириянын улуттук диалог конгрессинин ийгилиги жана саясий чечүүчү жолдун ачылышы үчүн биргелешкен аракетти улантуу темасындагы чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718809498)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.