Германиядагы ПКК жактоочулары түрк жүргүнчүлөргө кол салышты

Кол салууда 2 кишинин жеңил жаралангандыгы билдирилди.

895137
Германиядагы ПКК жактоочулары түрк жүргүнчүлөргө кол салышты

Германиянын Ганновер-Лангенхаген аэропортунда уруксатсыз митингге чыккан ПЙД/ПК жактоочулары түрк жүргүнчүлөрүнө кол салышты. Кээ бир немис гезиттердин интернет беттериндеги сүрөттөрдө террордук уюмддын жактоочулары өткөргөн митингде плакаттар жана таяктар менен жүрүшкөндүгү жана түрк жүргүнчүлөрүнө кол салгандыгы орун алган.

Ганновер полициясынан берилген маалыматта аэропортто чыккан окуяда эки жакты ажыраштырууга аракет кылган полициянын калемпир газы колдонгондугу белгиленди. Бир түрк аба жолу фирмасына карата жүргүзүлгөн митингдин ансыз да уруксатсыз өткөрүлгөндүгү белгиленип, окуяда 2 кишинин жеңил жаралангандыгы маалымдалды. Маалыматта окуяга байланыштуу жаралоо жана буюмдарга зыян тийгизген кээ бир кишилер тууралуу териштирүүнүн башталгандыгы билдирилди.

Hannoversche Allgemeine Zeitung гезитинин кабарында аэропорттун “Terminal B” бөлүмүндө 180ге жакын кишинин чыр  - чатакка аралашкандыгы белгиленип, окуядан улам Стамбулга келе турган бир учактын учушунун кечеңдетилгендиги билдирилди.

Террордук уюм ПЙД/ПКК жактоочулары андан мурунку түнү да Германияда 2 мечитке кол салган болчу.



Тектеш кабарлар