Афринди чыныгы ээсине тапшырып беребиз

«Зайтун бутагы» операциясы, бир гана террордук уюмдар ПКК/ПЙД-ЙПГ/ДЕАШка каршы жүргүзүлүп жатат.

894935
Афринди чыныгы ээсине тапшырып беребиз

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясынын күрт жана араб туугандарга каршы эмес, бир гана террордук уюмдар ПКК/ПЙД-ЙПГ/ДЕАШка каршы жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Чавушоглу социалдык медиа баракчасы Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Капарайым тургундардын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чараларды көрүп жатабыз жана муну улантабыз»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Жерлерибизге кол салган террордук уюмдарга керектүү сабак берилгенден кийин, Афринди чыныгы ээси күрт, араб жана түркмөн туугандарыбызга тынчтык камсыздалгандай түрдө тапшырып беребиз»,-деди.  



Тектеш кабарлар