Биздин күрттөр менен маселебиз жок, террористтер менен маселебиз бар

Президент Режеп Таййип ЭрдоганАнкарадагы Бештепе «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Анкаранын өнөр жай палатасынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

894447
Биздин күрттөр менен маселебиз жок, террористтер менен маселебиз бар

 

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Африн операциясынан баш тартпай турганын айтты.

Эрдоган, Анкарадагы Бештепе «Миллет» маданият жана конгресс борборунда Анкаранын өнөр жай палатасынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн башталган «Зайтун бутагы» (тынчтык) юкыймылына токтолду.

Түркиянын эркиндик жана өнүгүү доосу бар экенин баса белгилеген Эрдоган, террордук уюмдар менен чек аранын ичинде жана тышында тарыхый күрөш жүргүзүп жаткандарын айтты.

Күрт жарандар менен маселелери жок экенин айткан Эрдоган, маселенин террор тилкесин жок кылуу маселеси экенин билдирди.

Эрдоган: «Афринден баш тартуу болбойт, муну орустар менен сүйлөштүк. Макулдашуубуз бар. Калган коалициялык күчтөр жана АКШ менен дагы сүйлөштүк»,-деп айтты.

Террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө бирге кыймыл кылуу темасында АКШны көндүрө албай койгондорун белгилеген Эрдоган: «Бүгүнкү күндө Сириянын түндүгүндө 20 АКШ базасы бар. Учурда 2 миңдей жүк ташуучу учагы менен аймакка курал ташылды. Булардын бардыгын биз билебиз. Бизге бул жерде жок дегенде чынчыл мамиле кылгыла. Ушул убакка дейре бул чынчылдыкты АКШдан көргөн жокпуз. Биз да Орусия менен болгон сүйлөшүүбүздүн алкагында улантуудабыз. Афринде аскерлерибиз милдетин улантууда»,-деди.

Түркиянын эч кимдин жерине көз артпаганын баса белгилеген Эрдоган, операциядан кийин Түркиядагы сириялыктардын өз жерлерине кайтуу мүмкүнчүлүктөрүн таба тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар