АКШ Түркияда саясий төңкөрүштү ишке ашыруу үчүн далбас урууда

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси  Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

884712
АКШ Түркияда саясий төңкөрүштү ишке ашыруу үчүн далбас урууда

Эрдоган, АКШнын Түркияда саясий төңкөрүштү ишке ашыруу үчүн далбас урганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси  Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө АКШда укуктук чатакка айланган жалган эмбарго доосуна токтолгон Эрдоган: «2016-жылы 15-июлда төңкөрүш аракетин өлкөбүздө ишке ашыра албагандар, эми башкача төңкөрүш аракетин изденүү менен алек. Учурда АКШдагы белгилүү доо, мына ошол саясий мазмундуу аракеттин адреси болуп саналат»,-деди.

АКШнын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен Борбордук чалгындоо уюму (CIA) жана Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI) аркылуу Түркияны кысымга алууга аракеттенип жатканын баса белгилеген Эрдоган, бул оюнун да таш каба турганын белгилеп кетти.

АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп кабыл алуусуна дагы бир жолу каршылык көрсөткөн Эрдоган, Кудус мусулмандардын кызыл чийини экенин айтты.

АКШнын колдоосу менен Сириянын түндүгүндө террор тилкесин курууга аракет кылынганын белгилеген Эрдоган: «Өткөн жылы «Евфрат калканы» менен таштаган кадамды Африн жана Меднбичте улантып аны улай бүтүндөй чек араны бойлой коопсуздукту камсыздап бул процессти буюрса бүтүрөбүз»,-деди.

Түркиянын акыркы 15 жылда жетишкен өнүгүүсү бирөөлөрдүн тынчын алганын баса белгилеген Эрдоган, бул чөйрөлөрдүн Түркияны кызгангандарын белгилеп, «Жарылсаңыз да, айрылсаңыз да биз бул жолдо чечкиндүүлүк менен басабыз. Ансыз деле биздин стратегиялык өнөктөш катары билген досторубуз (АКШ), биздин чек араларыбызда, 911 чакырым Сирия, 50 чакырым Ирак чек арасында террор уюмдарына ар түрдүү курал жардамын берип жатышса, биз алар менен эмнени сүйлөшөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар